Өзгөртүүлөрдүн максаты

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мерчемделүүдө.

Долбоор менен күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана сатуучу субъектилерге, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн мунай продуктуларын жеткирүүчүлөргө мамлекеттик субсидияларды берүү механизмин өркүндөтүү сунушталууда.

Учурдагы токтомдун редакциясында субсидия берүү максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун туруктуу баалары «Турксиб» жана «Сары-Агач» темир жол станцияларына жеткирүүлөр үчүн гана аныкталган.

Жеткирүү булактарын кеңейтүүгө байланыштуу, мамлекеттик чек ара аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн күйүүчү-майлоочу майларды импорттоодо да туруктуу бааларды белгилөө каралууда. Бул мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылат.

Ошондой эле, мунай продуктулары рыногундагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен туруктуу баалардын өлчөмдөрүн жаңыртуу жана токтомдун аракетин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүгө уруксат берилген бардык өткөрүү пункттарына жайылтуу сунушталууда.

Мындан тышкары, субсидиялардын өлчөмүн аныктоо тартиби жана транспорттук чыгымдарды тастыктаган документтердин тизмеси такталууда. Буга ташуу келишимдери, эсеп-фактуралар (инвойстор), транспорттук кызматтарды төлөө боюнча банктык документтер, ошондой эле ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттогонду тастыктаган документтер кирет.

Нефть рыногунун субъектилери учурда бул маселелерди иштеп чыгып жатканы белгиленет.