Жол кырсыгы 28-октябрда саат 23:44 чамасында Токомбаев көчөсү менен Чортеков көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Бул тууралуу Postmedia.kg маалымдады.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, аялдаманы сүзгөн. Катуу соккудан кийин унаа оодарылып кеткен.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочунун мас абалында болгону аныкталган. Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.
















