Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамилелер жогорку даражага көтөрүлүп, союздаштык деңгээлине жетти. Илхам Алиев бүгүн Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маанилүү деңгээлге жеткенин белгиледи.
Азербайжандын президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү жана Ысык-Көлдүн табиятынын кооздугун жогору баалап, бул аймакта Азербайжандын ири инвестициялары менен курулган беш жылдыздуу “Баку” мейманканасынын ачылышына катышты.
Макулдашууларга ылайык, эки тарап транспорт, логистика, энергетика жана өнөр жай сыяктуу секторлордо дагы бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну караштырышууда.











