Жалал-Абад – Балыкчы автожолу 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу быйыл 1-июнда ачылып, туристтик сезондо негизги автожолдордогу транспорттук жүктөмдү азайтуу максатында пайдаланылган.
Айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жолго заманбап белгилер, электрондук маалымат такталары жана эскертүү системалары орнотулган.
Жолдун мүнөздөмөсү
Жалал-Абад – Балыкчы автожолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Эки тилкелүү жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 8,5 метрди түзүп, эки тарабында тең 0,75 метрден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер каралган.
Жолдун 200 чакырымга жакын бөлүгү мурда жол болбогон аймактарда курулган.














