Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири транзиттик, энергетикалык жана социалдык долбоорлор өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун кыйла жогорулатты. Мисалы, курулуп жаткан КытайКыргызстанӨзбекстан темир жолу Кавказ өлкөлөрүнө да үмүт жаратты. Азербайжан тарабынан өнүктүрүлүп жаткан Транскаспий маршруту биздин мамлекет үчүн маанилүү. Кытайдан Европага чейинки логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү эки мамлекет үчүн тең чоң соода мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Кыргызстан менен Азербайжанды жалпы тарых, маданият жана боордош мамилелер бириктирип турат. Акыркы жылдары экономикалык кызматташтыкты жандандыруу боюнча активдүү кадамдар жасалууда. Бул милдет Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн.