Профессор, академик Чолпонкул Арабаев «Кабар» агенттигине берген маегинде Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун коомчулукка пайдасы байкала баштаганын, бул институттар аймактык интеграциянын негизин түзөрүн билдирди.
Арабаевдин айтымында, глобалдык өзгөрүүлөр шартында Борбор Азиянын бир тууган элдеринин биримдиги өзгөчө мааниге ээ.
Арабаев ошондой эле Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан президентин консултациялык жолугушуусу Кавказдагы динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет менен диалогду жаңылоого, кызматташтыктын тереңдешине мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ал Азербайжанды руханий баалуулуктар, дин жана тарых аркылуу бириктирген бир тууган мамлекет катары мүнөздөп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого маанилүү экенин белгиледи.



