Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Жыргалан» санаторийине барды. Ал жерде үч кабаттуу мончо комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
2872,9 чарчы метр жаңы комплекстин жалпы аянты
Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, жаңы комплекс 2872,9 чарчы метр аянтты ээлейт.
Комплексте дарылоочу ванналар, массаж бөлмөлөрү, SPA-зоналар, мончолор жана эс алуу аймактары каралган. Эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө зоналар уюштурулат. Объектти пайдаланууга берүү ноябрь айына пландалган.
Курулушту көрүп чыккандан кийин Туманбаев санаторийдин жамааты менен жолугуп, эмгек шарттарын жана эмгек акы төлөө маселелерин талкуулады.
Буга чейин санаторий профсоюздар федерациясынын балансында болуп, узак убакыт бою толук кандуу иштеген эмес. Ошол мезгилде айрым кызматкерлердин айлыгы болгону 5 миң сомду түзгөн.
Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, объект ведомствого өткөндөн кийин санаторийде модернизация жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылган. Учурда мекеменин иши кайра жанданып, пландалган иш-чаралар ийгиликтүү аткарылууда.
Каныбек Туманбаев санаторийдин өнүгүшү менен бирге анын кызматкерлеринин эмгеги да татыктуу бааланышы керектигин баса белгиледи.



















