Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү. Жолугушуу учурунда тараптар азыркы мамилелерди жогору баалап, кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүү багыттарын талкуулашты.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул сапардын эки мамлекеттин кызматташтыгын жаңы баскычка көтөрөөрүнө ишеним артканын айтты.

Жолугушуунун андан аркы бөлүгүндө эки президент кыргыз-азербайжан аралык мамлекеттик кеңештин үчүнчү отурумун өткөрүштү. Садыр Жапаров сөзүндө экономика, инвестициялар, транспорт, энергетика, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалына токтолду.