Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары чыңдоо максатында эки маанилүү документке кол коюлду.
Анын ичинде 2022-жылдын 11-октябрында түзүлгөн Азербайжано-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 миллион доллардан 200 миллион долларга кеңейтүү тууралуу экинчи кошумча келишим бар.
Фонддун капиталын арттыруу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө, ишкерликти колдоого жана Кыргызстан экономикасына азербайжандык инвестицияларды тартууга шарт түзөт.
Ошондой эле, 2024–2029-жылдардагы Кыргызстан менен Азербайжан өкмөттөрүнүн кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.
Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүчү конкреттүү иш-чараларды аныктайт жана жетишилген макулдашуулардын системалуу мониторингин камсыз кылат.



