Маалымат Стамбулда өткөн ИКУнун Экономикалык жана соода кызматташтык боюнча туруктуу комитетинин 42-жыйынында айтылды. Кыргызстандын атынан Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.
Ислам өлкөлөрүнүн статистика, экономика жана социалдык изилдөө жана окуу борборунун (SESRIC) маалыматына ылайык, Кыргызстандын реалдуу ИДП өсүшү 2025-жылы 11,1% түздү. Бул көрсөткүч өлкөнү ИКУга мүчө мамлекеттердин ичинен алдыңкы бештикке алып чыкты.
Жыйын 31-октябрдан 3-ноябрга чейин өтүп, анда мүчө өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтык жана экспортту диверсификациялоо маселелери талкууланды.

















