Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында санариптик сооданы жөнгө салуу, бирдиктүү биржалык финансы рыногун түзүү жана илимий даражаларды автоматтык түрдө таануу боюнча жетишилген макулдашуулар кызматташуунун жаңы горизонтторун ачат. Экономисттер белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында аймактык интеграциялык бирикмелердин мааниси өсүүдө, ал эми Кыргызстандын экспорту үчүн жаңы рыноктор пайда болууда.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин ишмердүүлүгү экономикалык «төрт эркиндиктин» алкагында жүзөгө ашырылат. Алар товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыздайт.
ЕАЭБдеги соода көрсөткүчтөрү
ЕАЭБ Кыргызстан сыяктуу кичинекей экономикасы бар өлкөлөргө ресурстарга, инвестицияларга жана чоң рынокко жетүү мүмкүнчүлүгүн берди. Кыргызстандын ЕАЭБге он жылдык мүчөлүгү бир катар жетишкендиктер менен коштолду.
Кыргызстандын экономикалык өсүшү
Белгилей кетсек, ЕАЭБ менен болгон сооданын үчтөн бирине жакыны Россияга туура келет. Бул кызматташтыкты Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду алдыга жылдырып, ал кыргызстандык бизнес үчүн олуттуу колдоо болуп келген.




















