Кыргызстандын делегациясы Сингапурда Moody’s агенттигинин, каржы институттарынын жана эл аралык инвесторлордун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууларга президент администрациясынын, Финансы министрлигинин, Улуттук банктын өкүлдөрү жана Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов кирди.
Жолугушууда кыргыз тарап экономикадагы абал, жүргүзүлүп жаткан реформалар, өнөр жай, туризм, инфраструктура жана тоо-кен секторунун өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын реалдуу ИДП өсүү көрсөткүчү 2022 жана 2023 жылдары 9 пайызды, 2024-жылы 11,5 пайызды, 2025-жылы 11,1 пайызды түздү. 2026-жылдын январь-июнь айларында экономика 12,2 пайызга өстү.
Медербек Туманов Кыргызстан экономикасы негизинен акча которуулары, «Кумтөр» кен майданы жана реэкспортко көз каранды деген түшүнүктөр азыркы абалды толук чагылдырбайт деп билдирди. Анын айтымында, өсүш көбүнчө өнөр жай, кызмат көрсөтүү, туризм, инфраструктура жана инвестициялык долбоорлор аркылуу камсыздалууда.
Кыргыз тарап учурдагы Moody’s кредиттик рейтинги өлкөнүн экономикалык өсүшүн, структуралык реформаларды жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырганын толук эске албайт деген пикирди билдирди.
Андан тышкары, Сингапурдун Валюталык башкармалыгы менен жолугушууда банкттык көзөмөл, каржы секторун санариптештирүү, эл аралык резервдерди башкаруу жана санкция талаптарын аткаруу маселелери талкууланды.














