Бул ийгилик тууралуу дзюдо федерациясы билдирди. Айша Кыялбекова жаштар арасындагы Олимпиаданын алгачкы беттешинде Кореялык атаандашын иппон менен жеңип, жарым финалга чыккан.

Бирок жарым финалда ал Германиянын өкүлүнө эсе жол берип, үчүнчү орун үчүн күрөшкө катышууга укук алган. Коло медаль үчүн беттеште кыргыз спортчусу Тунистен келген дзюдочудан үстөмдүк кылып, жеңишке жетти.

Бул медаль Кыргызстандын жаштар Олимпиада оюндарындагы алгачкы сыйлыгы болуп калды. 16 жаштагы Айша Кыялбекова эл аралык аренада мол тажрыйба топтоп, өлкөнүн спортуна зор салым кошту.

Айша Кыялбекованын беттештери

1/4 финалКореялык спортчуну иппон менен жеңди
1/2 финалГерманиялык атаандашка жеңилди
3-орунТунистик дзюдочуну жеңди