Министрлер Кабинети 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын 8,7 пайызга өсүшүн күтүүдө. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын 2027-2031-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда камтылган.

Болжолго ылайык, номиналдык ички дүң продукт (ИДП) 2,4 триллион сомго (27 миллиард долларга) жетиши керек.

ИДПнын өсүшүнө негизги салымды кызмат көрсөтүү чөйрөсү (4,2 пайыздык пункт) жана курулуш сектору (2,0 пайыздык пункт) кошушу керек деп белгиленген.

Ошондой эле, экономикалык өсүшкө продукцияга жана импортко болгон таза салыктар (1,2 п.п.), өнөр жай (0,93 п.п.) жана айыл чарбасы (0,3 п.п.) да салым кошот деп күтүлүүдө.

Буга чейин, Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 11,1 пайызга өскөн.