Кыргызстан административдик тоскоолдуктарды азайтуу, бажы жана соода процедураларын тездетүү жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү максатында санариптик чечимдерди жигердүү киргизүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин соода процедураларын жөнөкөйлөтүү бөлүмүнүн башчысы Заир Конурбаев Бишкектеги СПЕКА-2026 экономикалык форумунун тематикалык сессиясында билдирди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, Конурбаев соода жана бажы процедураларын санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Атап айтканда, «Смарт Бажы» улуттук маалыматтык системасын киргизүү, «Санарип Тамга» системасын өнүктүрүү, e-QMS электрондук кезеги жана e-Permit эл аралык унаа ташууларга электрондук уруксаттар системасы сыяктуу долбоорлор ишке ашырылган.
Интеграцияланган өлкөлөр
e-Permit системасынын иштеши
Конурбаевдин айтымында, e-Permit системасы 2026-жылдын сентябрынан бери өнөр жай режиминде иштеп жатат. Ошондой эле аны Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Грузия жана Кытайдын маалыматтык системалары менен интеграциялоо боюнча иштер аяктады. Мындан тышкары, электрондук эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздар e-CMR киргизүү улантылууда.
Кыргызстан административдик тоскоолдуктарды азайтуу, бажы жана соода процедураларын тездетүү жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүүдө.
Чек арадагы кагазсыз соодага өтүү
Заир Конурбаев чек арадагы кагазсыз соодага өтүү маселесине өзүнчө токтолду. Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) техникалык колдоосу менен Кыргызстан бул тармакта Улуттук жол картасын иштеп чыккан.
Документтен
Документ ЭСКАТО тарабынан жогору бааланып, чек арадагы кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча алкактык макулдашууну ишке ашыруунун улуттук пландарын даярдоодо алдыңкы тажрыйбанын үлгүсү катары таанылды.

















