Кирилл Логвиновдун айтымында, Транссиб жана БАМды өнүктүрүү Россиянын эл аралык транспорт коридорлору чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоору болуп саналат. Россиянын аймагы аркылуу өткөн транзиттик маршруттар Борбордук, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия менен Европанын ортосундагы эң кыска байланышты камсыз кылат.
Логвинов белгилегендей, Россия ЭСКАТО аянтчасында иштелип чыккан Азия-Тынч океан аймагында чек ара аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун катышуучусу болуп саналат. 2023-жылдан тартып Россияда электрондук кол тамгаларды өз ара таануу мүмкүнчүлүгү каралган. Тиешелүү долбоорлор СПЕКА өлкөлөрү, анын ичинде Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан менен ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Россияда «Лотус» улуттук санариптик транспорттук-логистикалык платформасы иштелип чыккан. Ал эл аралык жүк ташуулардын бардык катышуучулары үчүн «бир терезе» принцибинде иштейт жана электрондук документ жүгүртүүнү камсыз кылат.
Логвинов Россия СПЕКА өлкөлөрүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын жана ЭСКАТОнун долбоорлорун каржылай турганын кошумчалады. Бул долбоорлор 2030-күн тартибин аткарууга, транспорттук байланыштуулукту жогорулатууга жана электрондук мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган.











