Ведомствонун маалыматы боюнча, иш-чарага «БУУ-аялдар» түзүмүнүн, БУУӨП, ЮНФПА, ЮНИСЕФ, ДССУ, ЭУУ, ЭМУ жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

«Spotlight 2.0 демилгеси» программасы аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга, алардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча улуттук механизмдерди бекемдөөгө багытталган.

Программанын негизги багыттары

  • Мыйзам чыгарууну жана институттук механизмдерди өркүндөтүү — укуктук базаны, ведомстволор аралык координацияны жана гендердик зомбулук боюнча маалымат чогултуу системаларын бекемдөө
  • Зомбулуктун алдын алуу — гендердик стереотиптерди өзгөртүү, үй-бүлөдө, билим берүү мекемелеринде, жамааттарда жана жумуш орундарында зомбулукка сабырсыздыкты калыптандыруу боюнча иш алып баруу
  • Жабыр тарткандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коргоону жогорулатуу — медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
  • Аялдар кыймылдарын жана жарандык коомду бекемдөө — аялдардын укуктарын коргоочу уюмдарды колдоо, өнөктөштүктү өнүктүрүү жана коомдук уюмдардын потенциалын жогорулатуу

Программанын алкагында аялдардын жана кыздардын аярлуу топторуна, анын ичинде айыл жергесинде жашагандарга өзгөчө көңүл бурулат.

Программа 2026-2030-жылдарга бир нече облустарда ишке ашырылат.