Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТОнун аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алишахбананын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө улгайган жарандардын абалы, алардын социалдык камсыздоо системасын өркүндөтүү жана калктын аярлуу катмарына кам көрүү маселелери талкууланды. Тараптар бул тармактагы эл аралык тажрыйба боюнча пикир алмашышты. Министрликтин Кыргызстанда Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кызматташуунун келечеги

Ошондой эле жаштардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү, калктын аярлуу катмарын жумушка орноштуруу, кесиптик окутуу жана адам капиталын өнүктүрүү маселелеринде кызматташуунун келечеги каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана практикалык иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.