ЕАЭБде жаңы эрежелердин алкагында электрондук соода оператору институту иштей баштайт. Бул оператор бүт бажы процедуралары жана товарлардын кайтарылышы үчүн жооптуу юридикалык жак болот.

Оператордун негизги милдеттеринин бири электрондук соода товарлары боюнча жаңы бажы декларациясын берүү болуп саналат. ошондой эле ал бажы төлөмдөрүн жыйнап, бюджетке өткөрүп берет.

Эркин Суеркуловдун айтымында, оператор маркетплейстер менен интеграцияланышы зарыл, бул товарлардын бажы баасын тактоо үчүн маанилүү. Декларация берилгенде бардык суммалар автоматтык түрдө текшерилип, ал тургай кабыл алуучунун маалыматы да салыштырылат.

Оператор тарабынан алынган маалыматтар Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат системаларына өткөрүлүп, товарларды жана бажы төлөмдөрүн башкаруу жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, оператор товарлардын сапатсыздыгына же керектөөчүнүн ылайык эмес товарларды кайтаруу милдетин да аткарат. Товарлар кайтарма процессинде белгилүү бир марка менен камсыздалышы керек.