Курулуш министри Нурдан Орунтаев үлөшчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, курулуш фирмалары үчүн уставдык капиталдын милдеттүү талабы кардарларды коргоонун негизги механизмдеринин бири болот.

Бул каражат курулуш аяктаганга чейин компаниянын карамагында калат жана турак жай сатып алуучулар үчүн финансылык кепилдик катары кызмат кылат. Министр белгилегендей, мындай капитал курулуш компаниясынын банкротко учурабашына кепилдик берет.

Ал курулуш бүткүчө сакталат жана курулуш компаниясынын банкрот болбой тургандыгынын кепилдиги катары кызмат кылат. Анда курулушту улантуу же чыгымды төлөө үчүн белгилүү бир акча каражаты болот.
Нурдан Орунтаев, курулуш министри

Мындай чара жарандардын курулушка салган каражаттарын кошумча коргоону камсыз кылышы керек. Уставдык капиталдын болушу застройщик тарабынан милдеттенмелер аткарылбай калган учурда зыяндын ордун толтурууга мүмкүндүк берет.