Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-ноябрда министр Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында курулуш иштерин өз убагында бүтүрө албай жаткан 31 компаниянын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Анда жарандардын кайрылуулары түшкөн объектилердин курулушу жана иштердин кечигүү себептери талкууланды.
Компанияларга кандай чектөөлөр киргизилди?
Орунтаев тиешелүү департаменттерге милдеттенмелерин аткарбай жаткан компанияларга жаңы курулуштарды баштоого уруксат бербөө тапшырмасын койду. Ошондой эле инспекторлорго бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, айрым компаниялардын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Курулуш компаниялары биринчи кезекте жарандардын алдындагы милдеттенмелерин аткарып, батирлерди белгиленген мөөнөттө тапшырышы керек.
Буга чейин киргизилген тыюулар
Эске салсак, буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун «нөл цикли» аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардан жана юридикалык жактардан каражат тартууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынган.


















