Кемин районунун аймагында социалдык тармакты кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул алкакта мектептер, бала бакчалар, төрөт үйү жана футбол талааларын камтыган ондон ашык жаңы объекттерди пайдаланууга берүү каралган.

Торт-Көл айылында курулуп жаткан заманбап бала бакчанын долбоорунун негизги максаты — коопсуз эмес, авариялык абалда турган имаратты алмаштыруу.

70 млн сом курулушка бөлүнгөн каражат

Жаңы бала бакчанын курулушуна болжол менен ушунча сумма жумшалууда.

Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда.