Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө ылайык, быйылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын микрокредиттик уюмдары 76 миллиард сомдон ашык кредит берди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га жогорулаган.
Отчеттук мезгил ичинде микрокредит алуучулардын саны 2 миллиондон ашык адамды түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу үч эсе өскөн. Мындай өсүш кыска мөөнөттүү онлайн-кредиттердин өнүгүшү менен байланыштуу.
Кредиттердин колдонулушу
Региондор боюнча көрсөткүчтөр
Микрокредит алуучулардын саны боюнча Бишкек шаары алдыңкы орунда турат, ал жерде бардык алуучулардын дээрлик жарымы катталган. Кредиттин жалпы көлөмүнө келсек, Бишкек 33% менен лидерлик кылууда.
Микрокредит алуучулардын үлүшү
- Бишкек — 50 %
- Чүй облусу — 11 %
- Ош облусу — 9 %
- Жалал-Абад облусу — 9 %
- Ысык-Көл облусу — 8 %
Кредиттин көлөмү боюнча региондордун рейтинги төмөнкүдөй: Бишкек шаары (33%), Ош облусу (15%), Жалал-Абад облусу (13%) жана Чүй облусу (12,5%).








