Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Каганат» эс алуу зонасынын аймагынан Ысык-Көлгө ташталган суунун термалдык суу экени аныкталды. Бул боюнча табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымат берди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери интернетте видеоматериалдар жайылгандан кийин атайын чыгуу менен текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында сууну таштоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Суунун тазалыгын текшерүү үчүн адистер лабораториялык изилдөө жүргүзүү максатында үлгүлөрдү алышкан. Химиялык-лабораториялык изилдөөнүн корутундусу боюнча, ташталган суунун химиялык курамы белгиленген талаптарга толук жооп берет жана ал таза экендиги тастыкталган.

Министрлик тарабынан айтылгандай, сууну таштоо учурунда табиятты коргоо мыйзамдарынын эч кандай бузулушу табылган эмес.