Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда. Имараттын жалпы аянты 1 321 чарчы метрди түзөт. Бул долбоор Стабилизациялоо фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Курулуш учуру апрель айынан бери уланп келет. Имараттын ичинде балалардын уктоо жана оюн бөлмөлөрү, окуу класстары, ашкана жана медициналык кабинет түзүлөт. Ошондой эле коопсуздук эрежелерине ылайык, атайын оюн аянтчасы курулууда.























