Өлкөдө респиратордук инфекциялардын таралышы уланып жатат. Калктын ден соолугуна коркунуч келтирген вирус түрлөрүнүн арасында сезондук коронавирус, риновирустар жана парагрипп сыяктуу агенттер бар экени аныкталды.

Бул маалыматты оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти берди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 16-ноябрдан 22-ноябрга чейин 13 386 учур катталган.

оорулуулардын саны11 43913 386 +17%

Оорулуулардын жалпы санынын ичинде балдардын үлүшү абдан жогору. Статистика боюнча, ооруган адамдардын 67,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар болуп эсептелет.

Вирустардын үлүшү (737 анализдин жыйынтыгы боюнча)

44,1%риновирустар
25,1%парагрипп вирустары
12,9%аденовирустар
9,6%сезондук коронавирус
7,4%бокавирустар

Ден соолукту сактоо министрлиги гриппке каршы 163,7 миң доза вакцина сатып алды. Тобокел топторундагы жарандар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмдөө иштери улантылууда.

Бишкек шаарындагы 12 жеке медициналык уюмдарда акы төлөө менен эмдөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бир дозанын баасы 450 сомдон 1,1 миң сомго чейин түзүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды өз убагында эмдүүгө, алдын алуу чараларын сактоого жана белгилер пайда болгон учурда дарыгерге кайрылууга чакырат.