Ысык-Ата районунда болгон окуянын чоо-жайы белгилүү болду. 22-ноябрда 1995-жылы туулган А. З. өзүнүн көршүсү боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Аталган аялдын айтымында, мас абалындагы көршү 16:30дө баласын кемсинтип, андан соң аялды уруп кеткен.
Көршү 2017-жылы туулган К. Б. аттуу кичинекей баланы «очкарик» деп атап, баланын нааразычылыгын туудурган. Бала үчүн камкордук кылууга аракет кылган эненин үстүнөн жигит кол салган. Укук коргоо органдары шектүү адамдын инсандыгын аныктап, аны бөлүмгө алып келишкен.
- 22-ноябрь
Аял милицияга арыз менен кайрылды
- 23-ноябрь
Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынды
Тердөө учурунда аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок ал бул процедурадан баш тарткан. Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоодон эмне себептен баш тартканын тактаган эмес. Бирок, текшерүү материалдары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.











