Бишкек шаарынын бийлиги шаар көчөлөрүндө жаңы санариптик технологияларды сынап баштады. Сөз интерактивдүү панелдер жөнүндө болуп жатат, алар үн менен башкаруу жана маршрут түзүү функцияларына ээ.

Бул системалар көзү начар көргөн жана угуусу начар адамдарга ыңгайлуулук түзүүгө багытталган.
Номад ТВ маалыматы боюнча

Учурда адистер жабдуулардын иштешин текшерүүдө. Мындан тышкары, интерфейстин кошумча тилдик версиялары иштелип чыгууда, бул системаны ар кандай тилде сүйлөгөн жарандар үчүн жеткиликтүү кылат.

Жаңы панелдердин негизги максаты — шаар тургундарына жана конокторуна заманбап, ыңгайлуу кызмат көрсөтүү. Өзгөчө көңүл майыптуулугу бар адамдарга бурулууда.