Бишкектин борборунда жайгашкан «Мадина» базары 1-августтан тартып толук реконструкцияланышы күтүлүүдө.

Реконструкция иштери учурунда базар толугу менен жабылат. Бул убакта соодагерлерге базардын айлана-чөйрөсүндөгү жаңы соода жайлары сунушталды.

Бул кадам базардын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап талаптарга ылайык келтирүү максатын көздөйт.