«Ширшов Фонду» коомдук фонду Каракол шаарын өнүктүрүүгө болжол менен 7 миллиард сом инвестициялоону пландап жатканын жарыялады. Бул демилге шаардын инфраструктурасын жана социалдык объектилерин олуттуу түрдө жакшыртууга багытталган.

Пландалган иш-чаралар

Долбоордун алкагында

5мектеп оңдолот
5бала бакча оңдолот
25короо көрктөндүрүлөт
  • Жеңиш паркы жаңыланат;
  • Каракол дарыясынын жээги курулат;
  • Жолдор оңдолот;
  • Жарыктандыруу, арыктар жана канализация модернизацияланат;
  • Жаңы шаардык автобустар сатылып алынат.

Фонддун бул масштабдуу долбоорунун биринчи кадамы катары Караколдогу шаардык пляж толугу менен реконструкцияланды. Ал жерде жээк сызыгы жаңыланып, эс алуу зоналары, балдар жана спорттук аянтчалар, медициналык пункт, куткаруу борбору, жарыктандыруу жана видеокөзөмөл системалары орнотулду.

Белгилей кетсек, «Ширшов Фонду» 2026-жылдын 2-июнунда катталган жана бул анын биринчи расмий масштабдуу долбоору болуп саналат.