Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн көйгөйлүү маселелери, колдонуудагы уруксат берүү документтеринин негиздүүлүгү, ошондой эле жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана кайталанган талаптарды алып салуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Өзгөчө көңүл ар бир белгиленген талапты мамлекеттик органдар тарабынан негиздөө зарылчылыгына бурулду — анын максаты жана бизнеске тийгизген жүгү эске алынууга тийиш.

Уруксат берүү жол-жоболорунан өтүүдө ишкерлердин убактылуу жана каржылык чыгымдарын кыскартуу артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.

Ашыкча талаптарды жоюу жана колдонуудагы жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалары маалымдалды.

Реформанын башталышы

Эске салсак, 2025-жылдын июлунда Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн уруксат берүү системасын оптималдаштыруу боюнча реформаны ишке ашыра баштаган. Процесс министрлер кабинетинин тескемесине ылайык башталып, «регулятивдик гильотина» демилгесинин алкагында жана мамлекеттик органдардын системасын дебюрократизациялоо максатында жүргүзүлүүдө.

Реформанын максаты — ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон жана бизнес жүргүзүүнү татаалдаштырган эскирген, кайталанган жана ашыкча уруксат берүү документтерин жоюу.