Курулуш иштери быйыл июнь айында башталган. Башкы подрядчы — «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы.
Спорт шаарчасынын курамы
Архитектуралык долбоорго ылайык, бул жерде 275 орундуу спорттук интернат, эл аралык стандарттарга жооп берген 5 000 көрүүчүгө ылайыкталган көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.
Учурдагы иштердин жүрүшү
- Мейманкананын 4-жана 5-кабаттарында газоблоктордон дубалдар көтөрүлүүдө.
- Окуу-машыгуу мектебинин 2-кабатында жана жатакананын 1-кабатында арматура монтаждоо иштери жүрүүдө.
- Азыркы учурда курулуш аянтында 120 жумушчу эмгектенүүдө.
Бул маалыматты Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

































