Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чара Кайыпбек Султангазиев атындагы Маданият үйүндө өтүп, ага райондун маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө маданият кызматкерлерине куттуктоолор айтылып, аларга ардактуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөткөн жана уюштуруу иштерине көмөктөшкөн жарандарга, айрым мекемелердин жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына ыраазычылык каттар менен акчалай сыйлыктар берилди.
Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа да уюштурулду.
































