Ысык-Көл облусунда быйылкы жылдын башынан бери 5 миң 575 баш ири кара мал жасалма уруктандырылды. Натыйжада 293 музоо алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын маалыматы боюнча, аймакта 49 жасалма уруктандыруу пункту иштейт. Алардын ичинен Тоң районунда 5, Түп районунда 11, Ысык-Көл районунда 9, Ак-Суу районунда 11, Жети-Өгүз районунда 14 жана Каракол шаарында 1 пункт жайгашкан.

Жасалма уруктандыруу пункттарынын бөлүштүрүлүшү

14Жети-Өгүз району
11Түп району
11Ак-Суу району
9Ысык-Көл району
5Тоң району
1Каракол шаары

Мамлекет тарабынан мал ээлерине асыл тукум малдардын 7 миң 576 доза уругу акысыз берилди. Мал ээлери жол-жобону жүргүзгөн ветеринардын кызматына гана төлөшөт.

Мындан тышкары, жасалма уруктандыруу пункттарынын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө урукту сактоо жана пайдалануу шарттары, пункттардын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктуулугу, ошондой эле алынган төлдөрдүн эсеби бааланат. Кемчиликтер аныкталса, аларды жоюу боюнча сунуштар берилет.

Жасалма уруктандыруу малдын породалык сапатын жакшыртууга, сапаттуу төл алууга жана өлкөдө мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Жалпысынан республика боюнча 2026-жылдын 1-октябрына карата 59 миң 754 баш ири кара мал жасалма уруктандыруудан өткөн.