Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, жаңылыштыкка жол берген жооптуу кызматкерге карата тартип чарасы колдонулду. Министрлик муну иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандык деп баалады.

2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанатта алып баруучу Калык Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын жаңылыштык менен Кыргыз улуттук филармониясы деп атап койгон.

Бул жаңылыштык тез эле социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Министрлик окуядан кийин расмий түшүндүрмө берип, кызматкерге тиешелүү чара көрүлгөнүн билдирди.