Кара-Кечеден чыккан көмүрдү Бишкек жана Чүй облусуна майда бөлүгү менен жүктөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Кыргызкомур" компаниясынын жетекчиси Рустамбек Садыралиев Биринчи радионун түз эфиринде маалымат берди.
Учурда көмүрдү алдын ала сорттоочу иштер жүрүп жатат. Учурда үч мобилдик сорттоо комплекси орнотулуп, чоң бөлүктөрү тандалып алынууда, ал эми майда көмүр Бишкек шаарындагы Теплоэлектр борборуна жөнөтүлөт.
Садыралиевдин айтымында, узак аралыкка ташуу учурунда көмүр 5-10%га чейин майдаланат. Анын айтымында, Кара-Кечеде жүктөлгөн көмүр бүтүндөй түрүндө калды дегенге болбойт, анткени автоунаа менен 356 км аралыкты өтүп келүүдө көмүр бир топ майдаланат.
Токмок шаарында учурда көмүрдүн болжол менен 700 тонна запасы бар. Бишкек шаарында дагы 700-800 тонна көмүр сакталган.









