Кыргызстандын парламентинде оккульттик-мистикалык же психологиялык кызматтарды тиешелүү кесиптик билими жок көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам долбоору талкууга коюлду. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылып, коомдук талкууга ачылды.
Демилгечилер белгилегендей, «Жарнама жөнүндө» мыйзамда «оккульттик-мистикалык кызматтар» жана «психологиялык кызматтар» түшүнүктөрү бекитилип, аларды жарнамалоого тыюу салынган. Бирок керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча жалпы ченемдер кызмат жөнүндө так жана ишенимдүү маалымат берүүнү талап кылат.
Алдоо жана алсыз абалдагыларды коргоо маселеси
Эгер акча алуу алдоо же ишенимге кыянаттык менен коштолсо, кылмыш-жаза мыйзамындагы алдамчылык боюнча ченемдер колдонулушу мүмкүн. Бирок депутаттардын баамында, алдамчылыктын жалпы курамы атайын тыюунун ордун толук баса албайт.
Алдамчылыкты квалификациялоо үчүн бөлөк мүлктү алдоо же ишенимге кыянаттык аркылуу ээлеп алуу белгилерин аныктоо зарыл. Ал эми «сыйкырдуу» же «психологиялык» кызматты сунуштоо жана акыга көрсөтүү конкреттүү жабырлануучу жана далилденүүчү мүлктүк зыян же ден соолукка зыян келгенге чейин уланышы мүмкүн.
Керектөөчү мындай кызматка көбүнчө эмоционалдык алсыздык учурунда кайрылат: үй-бүлөлүк чыр-чатак, жакынынын оорусу, жоготуу, келечектен коркуу, каржылык кыйынчылык же башка кризистик жагдайлар.
Демилгечилердин максаты — калктын аялуу катмарын квалификациясыз практикадан коргоо. Алар мыйзамдагы боштуктарды жабуу аркылуу жарандарды манипуляциядан жана алдоодон сактоого умтулушат.























