Жайыл районунун базарларында сезондун акыркы дарбыздары сатылып жатат. Кичинекей, кочкул-жашыл сызыктуу дарбыздар топ сыяктуу көрүнөт. Сатуучулардын айтымында, бул «Холодок» сортундагы дарбыздар кеч бышуучу болгондуктан, узак убакыт сакталса да даамын жоготпойт. Ошондуктан аларды кышка камдап алышат.
Адистердин айтымында, күзгү дарбыздардын таттуулугу температуранын өзгөрүшүнө байланыштуу. Күндүз ысык, түнкүсүн салкын болгондуктан, мөмөдө кант көбүрөөк топтолот.
30 сом килограммына баа
Дарбыздар килограммы 30 сомдон сатылууда.



















