Бүгүн Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында «UIM F1H2O» суу-мотордук Формула-1 боюнча эл аралык дүйнө чемпионаты башталат.

Бул мелдеш Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анда жалпысынан 25 катышуучу ат салышат.

Жарыштын түз эфирдеги трансляциясы 100дөн ашуун өлкөгө жеткирилет, бул иш-чаранын эл аралык деңгээлдеги маанисин көрсөтөт.