Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү «Энергия чексиз: Борбордук Азиянын энергетикалык байланышынын архитектурасы» аттуу баяндаманын бет ачарында Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы тынчсызданууну жаратып жатканын билдиришти.

Биз Токтогулда суунун деңгээли көп учурда критикалык көрсөткүчтөргө чейин төмөндөп жатканын көрүп жатабыз. Ошол эле учурда Кыргызстанда электр энергиясына суроо-талап кыйла өсүүдө.
ЕАБРдын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев

Адистердин айтымында, маселе Кыргызстандын ГЭСтери электр энергиясын өндүрүү менен гана чектелбестен, айыл чарбасы үчүн зарыл болгон суу ресурстарын жөнгө салуу милдетин да аткарат.

Кыш мезгилинде электр энергиясын керектөө көбөйгөндө, ГЭСтер суу сактагычтардагы сууну сарптап, өндүрүштү күчөтүүгө аргасыз болушат. Бирок ошол эле суу запасы жайында айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн керектелет.

Чечим катары аймактык кызматташтык

ЕАБРдин баамында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык кызматташтыгын тереңдетүү суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда, Кыргызстан айрым мезгилдерде коңшу мамлекеттерден жетишпеген электр энергиясын алып, кышында суу сарптоону кыскарта алат.

Ошондой эле эксперттер Нарын дарыясындагы ГЭС каскадын жөнгө салууну жакшыртууну Камбарата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу менен байланыштырышат.