Кара-Камыш айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылып, делегациясын кабыл алууну жана туристтик аймакта алтын казууга лицензия берүү маселесин кароону өтүнүштү. Бул тууралуу алардын кайрылуусунда айтылат.

Тургундардын айтымында, Кара-Камыш туристтик аймагында алтын кендерин, анын ичинде чачыранды алтынды иштетүүгө төрт лицензия берилген. Алар казуу иштери туризмге, ичүүчү суу булактарына жана Сары-Челек менен Аркыт токой чарбасынын уникалдуу жаратылышына, анын ичинде мөңгүлөргө зыян келтириши мүмкүн деп кооптонушат.

Бул маселени сиз гана чече аласыз
Тургундардын президентке кайрылуусунан

Жергиликтүү тургундар көп жылдар бою адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтириши мүмкүн болгон долбоорлорго каршы чыгып келе жатканын билдиришти. Алар аймакты алтын казуунун потенциалдуу коркунучтуу кесепеттеринен мындан ары да коргой турганын айтышты.

Тургундардын демилгеси менен көз карандысыз коомдук экологиялык комиссия түзүлгөн. Анын корутундусу, кайрылууда белгиленгендей, райондук администрацияга өткөрүлүп берилди.

Тургундар мамлекет башчысынан делегацияны кабыл алып, алар билдирген кооптонууларды карап чыгууну өтүнүштү.

Кыргызстандагы лицензиялар

2014жер казынасын иштетүүгө лицензия
204алтын казууга лицензия
217,9 млрд5 жылда бюджетке түшкөн сом

Кыргызстанда жер казынасын иштетүүгө 2 миң 14 лицензия берилген, анын ичинен 204ү алтын казууга. Акыркы беш жылда кен иштетүүдөн салык жана башка төлөмдөр түрүндө бюджетке 217,9 миллиард сом түштү.