Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда экономиканы жана калкты 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланды. Республикалык штабдын жыйыны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбековдун төрагалыгы астында өттү.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылы республикада электр энергиясын керектөө 19,6 миллиард киловатт-саат деңгээлинде күтүлүүдө. Анын 15,5 миллиард киловатт-сааты өлкө ичинде өндүрүлөт деп пландаштырылууда. Тартыштыкты жабуу үчүн дагы 4,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо керек болот.

Өзүнчө белгиленгендей, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн. Буга байланыштуу штабдын катышуучуларына суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо тапшырылды.

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычындагы суунун так көлөмүн жарыялаган жок. 2025-жылдын май айынан тарта Кыргыз Республикасынын бийлиги бул маалыматтарды «кызматтык пайдалануу үчүн» деген категорияга киргизип, жашыруун деп жарыялаган. Бир ай мурун Энергетика министри Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 200 миллион кубометрди түзөрүн, бул өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 700-750 миллион кубометрге аз экенин билдирген.

Жыйында ГЭСтердеги гидроагрегаттарды оңдоону график боюнча бүтүрүү жана жылуулук электр борборлорундагы (ТЭЦ) иштерди жүргүзүү зарылдыгы да айтылды. Алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүү үчүн республикага 45,5 миң тонна мазут жана 3 миллион тонна көмүр керектелет.