Кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги астында 2026–2027-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Энергетика министрлиги өлкөдөгү суу-энергетикалык абал жана алдыдагы жылытуу мезгилине отун-энергетикалык комплексинин даярдыгы жөнүндө баяндама жасады.

Берилген маалыматтарга караганда, быйыл республикада электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 19,6 млрд кВт/саат деңгээлинде күтүлүүдө. Анын ичинен 15,5 млрд кВт/саат өлкө ичинде өндүрүлүп, 4,1 млрд кВт/саат болгон дефицит импорттун эсебинен жабылат деп пландалууда. Ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени белгиленди.

Буга байланыштуу жыйындын катышуучулары электр энергиясын ички керектөөнүн белгиленген лимиттерин так сактоонун жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун зарылдыгын баса белгилешти. Мындан тышкары, гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборлорундагы оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү милдети коюлду.