Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 29-октябрда жумуш күнүнүн кызуу учурунда парламенттин жыйындар залы дээрлик бош экенин көрсөткөн видео жарыялады. Видео пленардык жыйын өтүшү керек болгон маалда тартылган.
«Баары кайда?»
Парламентарий кесиптештеринин көпчүлүгүнүн жумуш ордунда жоктугуна таң калганын жашырган жок. Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн мындай мамилеси эмгек тартибине шек туудурат.
Бош депутаттык орундуктар тартылган кадрлар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Колдонуучулар эл өкүлдөрүнүн эмгек тартибин сындап, мындай абалга нааразычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин парламентте депутаттардын жыйындарга катышуусу талкууланып, жыйынга келбей калгандарга айып пул салуудан тарта мандаттан ажыратууга чейинки чаралар киргизилген.















