3-ноябрда Студенческий айылында өткөн ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Чжэ жана университеттин жетекчилиги катышты.
Жаңы борбор айыл чарба илимин өнүктүрүүгө, үрөнчүлүк тармагындагы изилдөөлөрдү күчөтүүгө жана келечектеги адистерди практикалык даярдоого шарт түзөт.
Долбоордун алкагында тогуз заманбап күнөскана, административдик жана өндүрүштүк имараттар, муздаткыч комплекс, кампа жана башка инфраструктуралык объектилер курулган.
Учурда борбордо жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Борбордун курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылы негизги инфраструктуралык объектилери бүткөрүлгөн. Ошол эле жылы алгачкы илимий изилдөөлөр башталган.
Ачылыш аземинде борборду өткөрүп берүү актысына эки тараптын өкүлдөрү кол коюшту.

























