Бишкек шаардык кеңешинде аскер пенсионерлерине автобустарда акысыз жүрүү маселеси талкууланды
Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында аскер пенсионерлерине автобустарда акысыз жүрүүнү берүү боюнча токтом долбоору талкууланды. Депутаттар жеңилдикти алуу критерийлери боюнча талкууга киришти, себеби аскер кызматкерлери белгиленген жалпы пенсиялык курактан эртерээк пенсияга чыгышат.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Бактияр Болотбековдун айтымында, жеңилдикти укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жалпы белгиленген пенсиялык куракка — эркектерге 63 жашка, аялдарга 58 жашка жеткенде берүү пландалууда.
Депутат Казыбек Эргешов аскер кызматкерлери пенсияга бир топ эрте чыгарын белгиледи.
“
Ооба, аскер кызматкерлери пенсияга эртерээк чыгышат, бирок азыр алар 58 жана 63 жашында да мындай жеңилдиктерге ээ эмес. Ошондуктан биз иш ордуна карабастан, жалпы пенсиялык куракты негиз катары алууну чечтик.
Бирок эл өкүлү бул мамилени сындап, курактык басмырлоо деп атады:
“
Бул курак боюнча басмырлоо. Жеңилдик алуунун негизги критерийи пенсионердик күбөлүктүн, пенсионер статусунун болушу керек. Бизде аскер кызматкери 40 жашында пенсияга чыгып, 63 жашында гана жеңилдик алат. Бул кандай?
— деп нааразы болду депутат.
Бактияр Болотбеков аскер пенсионерлеринин иштөө мүмкүнчүлүгү бар экенин, мисалы, жеке күзөт агенттиктеринде иштеп, пенсия алаарын белгиледи.
“
Башкача айтканда, аларда кош киреше бар, бул башка категориядагы жарандар жөнүндө айтууга болбойт, алар белгиленген куракка жеткенде гана пенсияга чыга алышат. Ушуга байланыштуу бардыгын курак боюнча теңөө чечими кабыл алынды.
— деп түшүндүрдү ал.
Маалымат боюнча, 2026-жылдын 2-апрелине карата борбордо курактык чектөөнү эске алганда 2 миң 622 аскер пенсионери жашаган.