Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматы боюнча, аянттагы иштер болжол менен эки жылдык тыныгуудан кийин улантылды. Буга чейин эски асфальт катмары алынып, бирок соттук териштирүүлөргө байланыштуу иштер токтотулган.
Бул объект 2024-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдук максаттуу трансферттин эсебинен каржыланган бүтпөгөн долбоорлордун катарына кирет.
Негизги көрсөткүчтөр





















