Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев коллегия жыйынында судьялардын ишине катуу баа берди. Ал өзгөчө иштердин создуктурулушуна токтолуп, кээ бир судьялар жылдап эч кандай себепсиз иштерди кийинкиге жылдырып жатканын белгиледи.

Жетекчилик кызматта отуруп, башкалардан талап кылуу жетишсиз. Сиздер өзүңүздөр судьяларды тандайсыздар, бирок көрсөткүчтөр төмөн.
Медербек Сатыев, Жогорку соттун төрагасы

Бул сөздөр судьяларды тандоо кеңештеринин төрагаларына карата айтылды. Төрага алардын ишинин натыйжалуулугу төмөн экенин ачык айтты.

Жыйында судьялардын иштерди создуктуруусунун бир нече фактысы аталды. Айрымдар бир нече жыл бою иштерди кароону негизсиз кийинкиге жылдырып келишкен.

Медербек Сатыев мындан ары мындай учурларга жол берилбей турганын, тартип бузган судьяларга катаал чаралар колдонуларын баса белгиледи. Ал эч кандай жеңилдик болбой турганын да эскертти.