2026-жылдын сентябрь айында Сеул шаарында Борбор Азиянын өлкөлөрү менен Түштүк Кореянын ортосундагы алгачкы саммит уюштурулат. Саммитке Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары катышуусу күтүлүүдө.
2026-жылдын сентябрында Сеулда «Республика Корея – Борбор Азия» биринчи саммити өтөт
2026-жылдын 16-17-сентябрында Түштүк Кореяда, Сеул шаарында «Республика Корея – Борбор Азия» деген аталыштагы алгачкы саммит өткөрүлөт. Анда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн мамлекет башчылары катышат. Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын президенттеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуу пландалууда.



















