Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча, эки эркек тең үйүнөн чыгып, кайра кайтып келишкен эмес.
Самат Узакбаев, 30 жашта
1996-жылы туулган Самат Узакбаев 2026-жылдын 31-мартында жоголгон. Ал саат 10:00 чамасында Сокулук районунун Арал айылындагы үйүнөн чыккан жана ошондон бери анын кайда экени белгисиз.
1-апрелде анын улуу агасы милицияга арыз менен кайрылган.
Саматтын белгилери
- Бою
- 170–175 сантиметр
- Дене түзүлүшү
- Толук
- Чачы
- Кыска кара чач
- Көзү
- Күрөң
- Өзгөчө белгилери
- Сол көзүнүн жанында тырык, сол бутунда операциядан кийинки тырык, сол бутуна аксактайт
Жоголгон күнү ал кара кепка, кара толстовка, кара спорттук шым жана кара бут кийим кийген.
Анарбек Исаков, 53 жашта
1973-жылы туулган Анарбек Исаков 2025-жылдын 21-декабрында жоголгон. Ал саат 17:00 чамасында Сокулук районунун Белек дача айылындагы үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен жана кайтып келген эмес.
27-декабрда анын бир тууганы милицияга арыз менен кайрылган.
Анарбектин белгилери
- Бою
- 160–165 сантиметр
- Дене түзүлүшү
- Арык
- Чачы
- Кыска ак чач
- Көзү
- Күрөң
Жоголгон күнү ал кара баш кийим, кызыл куртка, кара спорттук шым жана күрөң бут кийим кийген. Өзгөчө белгилери көрсөтүлгөн эмес.
Дайынсыз жоголгондордун кайда экенин билгендердин баарынан Сокулук райондук ИИБине төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранат:


















